Коом

Бишкек — Ош жолунда кичи автобустардын жүрүүсүнө 7 айга чектөө киргизилди

2026-жылдын 15-октябрынан 2027-жылдын 15-майына чейин Бишкек — Ош унаа жолунда жүргүнчү ташыган кичи автобустардын жүрүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Чектөө кыш мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында киргизилген.

Айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн сапарларын алдын ала пландап, жолдогу убактылуу чектөөлөрдү эске алуу суралды.

Тектеш кабарлар

Back to top button