Окуялар

Ошто жасалма VIN-номерлери менен атайын техникалар жогорулатылган баада сатылган

УКМК чет өлкөдө жасалган, идентификациялык маалыматтары өзгөртүлгөн атайын жабдууларды мыйзамсыз алып кирүү жана сатуу боюнча кылмыштуу схемага бөгөт койду.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында чет өлкөлүк Л.Л. аттуу жаран материалдык пайда табуу жана милдеттүү бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында атайын техникаларды мыйзамсыз кайра жабдуу, заводдук тактайчаларын, VIN-номерлерин жана башка идентификациялык маалыматтарын алмаштыруу менен, техникалардын чыныгы чыгарылган жылы жашырылып, жаңы техника катары жогорулатылган баада сатылгандыгы аныкталды.

2026-жылдын 21-майында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин натыйжасында чет өлкөлүк жаран Л.Л. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button