Коом

ВИДЕО: Ысык-Көл областтык милициясы 2021-жылы аткарган ишмердүүлүгү боюнча тасма тартуулашты

Кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана аны болтурбоодо, ар кандай укук бузуулардын алдын алууда, милицияга болгон элдин ишеничин көтөрүүдө кандай аракеттер көрүлгөндүгү боюнча жарандарды маалымдоо максатында, Ысык-Көл ОИИБ тарабынан 2021-жылы өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө кандай жетишкендиктерге жетишкендиктери жөнүндө видеоролик даярдалып тартууланды.  Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Видеороликтин мазмуунунда, ар бир жаран окууга, саякаттоого, үй-бүлөө түзүүгө, балдарды тарбиялоого, иштегенге мүмкүнчүгү бар экендиги баяндалат. Бирок, жарандар бир нерседен кабатыр болбошу керек – өзүнүн коопсуздугуна. Милиция жарандардын тынч турмушуң, дүйнөсүн жана өмүрүн коргой аларын, керек болсо – өздөрүнүн өмүрүн элдин коопсуздугу үчүн берүүгө да даяр экендигин видеороликте маалымдалган.    

2021-жылы облустун милиция кызматкерлери ар кандай кылмыштар жана окуялар боюнча түшкөн 9500дөн ашык билдирүүлөргө жана кабарларга чыгып, мыйзам чегинде тийиштүү иш чараларды турмушка ашырышкан. Ошол эле мезгилде, 8 миңге жакын укук бузуулардын фактылары ашкерленген. Ууюшкан кылмыштуу топторунун 26 активдүү мүчөсүн колго түшүрүлгөн. Мыйзамсыз баңги заттарынын сатып өткөрүүнүн 20га жакын фактысынын бети ачылып, диний-экстремисттик уюмдарынын 12 лидерлерин жана активдүү мүчөлөрүн, ошону менен бирге, аталган уюмдун 1 тобунун мыйзамсыз аракетине бөгөт коюлган. Мыйзамсыз тегеретүүдөн 200 ашык ок атуучу куралдарды жана ок-даары каражаттары алынган.   

Өткөн жылы, Ысык-Көл облусунун милициясынын өзгөчө көңүлү укук бузуулардын алдын алууга жана жарандарга мамлекеттик тейлөө кызматынын сапатын жогорулатууга бурулуп келген. Бул үчүн, 250дөн ашык профилактикалык иш-чаралар турмушка ашырылган. Облустун аймагында жашаган жергиликтүү тургундар менен 700 жакын жолуугушулар уюштуруплуп өткөрүлгөн. Жарандарга 17 миңдей мамлекеттик тейлөө кызматы көрсөтүлгөн. Милициянын көчмө кабылдамалары тарабынан 2 миңден ашуун жарандард кабыл алынган. Жарандардан облусттук милициянын дарегине келген 4 миңден ашык арыздар каралып, аларга жооптор кайтарылган.  

«Бул видеоролик менен, биз, тынч жашоого жана жаңы турмушту түзүүгө тоскол болгондорго, көрүнбөгөн чийинден өтүп кеткендерге, мыйзам талаптарын бузгандарга – милиция аёсуз күрөш жүргүзөрүн. Кызматыбыз — мамлекетибиздин туруктулуугу жана ар бир жарандарыбыз үчүн арналганын белгилеп кетмекчибиз», — деп, маалымдашты мекемеден.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button