Окуялар
ТИМ: Алматыдагы башаламандыкта 33 жаштагы кыргызстандык көз жумду

Казакстандагы башаламандык учурунда 33 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
«Кыргызстандын 1989-жылы туулган жараны 7-январь күнү Алматы шаарында каза болду. Бул шаардагы Башкы консулдук маркумдун жакындары менен байланышты. Казакстандын укук коргоо органдары анын өлүмү боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Учурда министрлик өлгөндөр арасында башка кыргызстандыктар бар-жогун аныктап жатат.



