Асипа Мусаева: Майыптарга жардам берген Германия элчилигине ыраазычылык билдиребиз

Кыргызстандагы Көз карандысыз майып аялдардын коомунун төрайымы Асипа Мусаева учурдагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалы, аларга көрсөтүлгөн жардам, пандемиядагы кыйынчылык тууралуу маек берди.
— Асипа Мусаевна, майып аялдардын башын бириктирген коомуңузда пандемия учурунда кандай иштерди алып бардыңыздар?
-Пандемия башталгандар бери майыптарда абдан кыйынчылык болду. 2020-жылы майыптар жөлөк пул менен эле калды. Ошол учурда да майыптардын абалын көрүп, чуркап жүруп жардам берип жаттык. Анткени төшөктө кыймылдай албай жаткан майыптар да бар. Аларга памперс, вирустан сактануучу медициналык маска, дары-дармектер, жуунуучу каражаттар керек болду. Каражаттар жетишпей ал кезде жөлөк пулду да өз убагында ала албай калышты. Ошол кезде абдан кыйналганда биз ар кайсы жактан жардам сурадык. Чындыгында былтыркы 2021-жыл деле кыйын болду. Кымбатчылык каптады, майыптардын жашоосу өтө начарлап, кыйналып калышты. Кыйналган майыптарга жардам көрсөтүү үчүн көп жерге жардам сурап кайрылдык. Алардын арасынан Кыргызстандагы майыптарга Германиянын элчиси Габриэла Геллил айым да жардам берди. Алар 130 майыпка тамак аштан жакшы жардам берип, ар бирине таратып берди. Майыптарга кол сунган Германиянын элчилигине рахматыбызды айтабыз. Чындыгында майыптарга коомчулуктан көп деле жардам келбейт. Кыргызстанда жардам берчү адамдар аз чынында. Биз канчалаган жерлерге, уюмдарга кайрылабыз жардам сурап. Кайрылган жерлердин көбү жардамдан баш тартышат. 2021-жылы гана кичине жардамдар болуп жатты. Бирок, чындыгында пандемиядан кийин көп адамдар өздөрү деле кыйналып жатышат.
-Сиздердин коомдо канча майып аялдар бар?
— Бул коомдо иштегениме 26 жыл болду. Бизде мурун коомдо миңден ашык аял бар болчу. Азыр азайып 750 майып аял калды. Бул коомго мүчө болгондордун көбү Бишкекте жашагандар. Биз аларга ар кандай жардамдарды көрсөтөбүз. Алар ооруканага жата албай калганда, же медициналык жактан муктаждыгы болсо, майыптар үчүн коляска, чыгырык (ходунок) дегендерди алып берип турабыз. Алардын ар кандай көйгөйлөрү болот, айрымдары жөлөк пул да ала алышпайт. Айрымдарынын документтери жетишсиз болот. Ошондой учурларда юридикалык жактан да жардам берип турабыз. Мен Кыргызстандагы майыптар үчүн көп мыйзамдын программасын өзүм гана жасаттым чындап келгенде. Азыр майыптар бекер жолдомо менен курорттук санаторияларга дарыланууга барышат. Айрым машинасы бар майыптар бир айда 30 литр бензин бекер алышат. Ушундай кайрымдуулук жасаган уюмдардан алган жардамдарды таратабыз. Кээ бирөөлөргө ар кандай кийим кечектерди, тамак аштан жардамдарды берип турабыз.
-Пандемияда сиздердин коомдогу айымдардын арасында ковидден көз жумгандар болдубу?
-Андайлар болгон жок. Вирус жуктуруп ооругандар болду, бирок, оорудан кийин майыптардын ден соолугу бир топ оорлошуп калат экен. Азыр да мага ооруп атам деп кайрылышат. Үйүндө жатып дарылангандар болушту. Карантин болуп, эл сыртка чыкпай калды го, ошондо майыптарга абдан оор болду. Үй бүлөсүндө зомбулукка кабылгандар да болду. Чынында ал кезде милиция да жакшы иштебей, баардыгы көчөдөгү тартипти карап бошобой жатышкан. Кризистик, реаблитациялык борборлор жабылып, эч жакка алып бара албай калдык ошол кезде. Төрт майып аялды үйүнөн жакындары кууп чыгарып салышты. Андайларды эптеп сүйлөшүп ооруканаларга жаткырдык. Айрымдарын сүйлөшүп, эптеп үй-бүлөлөрү менен жараштырдык. Дагы бир аял үй-бүлөсүндөгү мамиледен чыдабай үйүнөн чыгып кетти. Анын документтери да жок экен. Эптеп ага да документтерди алып берип, интернат үйүнө орноштурдук. Баардыгы карантинде үйүндө отурганда майыптар үчүн оор болду. Ошол учурда биз майып аялдар үйүндө иштегенди үйрөттүк. Азыр үйдө отуруп кагаздан гүл жасай башташты. Эрмектеп, алаксып, аны интернет аркылуу сатса да болот.
-Жыл жаңырды. Каалоо тилектериңизди айтсаңыз?
-Дүйнөнүн үшүн алган пандемия кетсе болот эле. Адамзатына абдан кыйын болду. Эн негизгиси ден соолук. Эч ким оорубасын, ден соолукта болуп, Кыргызстаныбыз өнүксүн.







