Коом
Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Өнүктүрүү банкы ачылат
Кыргызстанда маанилүү экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн Өнүктүрүү банкы ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын иш планында жазылган.
Маалыматта ири долбоорлорду колдоо үчүн Өзбек-Кыргыз жана Венгрия-Кыргыз фондулары ачылганы белгиленген.
Мындан тышкары, бизнести колдоо үчүн жеңилдетилген кредит берген «Өнүктүрүү үчүн капитал» деген мамлекеттик программа иштелип чыгат.



