Президент ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчылары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту.
Мамлекет башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын төрагалыгы ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толгон юбилейлик жылга туш келгенин белгилеп, уюмдун тең укуктуу диалог жүргүзүү жана чечимдерди биргелешип издөө үчүн маанилүү аянтча экенин баса белгиледи.
“Терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук да жаңы шарттарга тез ыңгайлашууда. Мунун баары бир нерсени көрсөтүп турат: бүгүнкү күндө коопсуздук саясий, экономикалык, технологиялык, экологиялык жана гуманитардык өлчөмдөрдү камтыйт. Мындай комплекстүү чакырыктарга бир дагы мамлекет жалгыз өзү туруштук бере албайт. Ошондуктан ШКУ мындан ары да биргелешкен жоопкерчилик жана макулдашылган аракеттер мейкиндиги катары бекемделиши керек”, — деп баса белгиледи президент.
Садыр Жапаров ошондой эле Региондук антитеррордук түзүмдүн базасында Коопсуздукка байланыштуу чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борборду, анын ичинде Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун түзүүнү тездетүүгө чакырып, муну Кыргызстандын аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого кошкон маанилүү салымы деп атады.
Президент эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун ролуна өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.
Муну менен катар мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери саясий өз ара аракеттенүүнүн, коопсуздуктун жана практикалык экономикалык кызматташтыктын негизги маселелерин маңыздуу талкуулоого, ошондой эле Бишкекте Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынын ийгиликтүү өткөрүү үчүн зарыл болгон пайдубалды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат деген ишенимин билдирди.
“Бишкек саммитинин жыйынтыгында Уюмубуздун алдыдагы жылдардагы өнүгүүсү боюнча так багыттар аныкталышы маанилүү. 25 жыл аралыгында биздин Уюм олуттуу тажрыйба топтоду”, — деди Садыр Жапаров.
Президент ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, транспорттук маршруттарды өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо зарылдыгына көңүл бурду.
Өз кезегинде Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын маанилүүлүгүн, уюмдун артыкчылыктуу багыттарын жана биргелешкен аракеттерди белгилеп өттү.
Жолугушууга Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Беларусь тышкы иштер министри Максим Рыженков, Индия тышкы иштер мамлекеттик министри Кирти Вардхан Сингх, Иран тышкы иштер министри Аббас Аракчи, Казакстан тышкы иштер министри Ермек Кошербаев, Кытай тышкы иштер министри Ван И, Пакистан премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар, Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров, Тажикстан тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин, Өзбекстан тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жана ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев катышты.



