Коом

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанда инфляциянын эң жогорку деңгээли белгиленди

2021-жылдын декабрында ЕАЭБнын мүчө мамлекеттеринин арасынан Кыргыз Республикасында инфляциянын эң жогорку деңгээли белгиленди. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитети билдирет.

ЕЭАБнын мүчө мамлекеттеринин керектөө секторунда инфляциянын деңгээли
(пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

2021-жылдын январь-декабрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) Кыргыз Республикасында экономиканын керектөө секторунда инфляциянын максималдуу деңгээли (11,2 пайыз) белгиленди, мында өткөн жылда баалар жана тарифтер эң көп (13,3 пайызга) азык-түлүк товарларга (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) өстү. Муну менен бирге, Беларусь Республикасында азык-түлүк эмес товарларга болгон баалардын — 9,9 пайызга жана кызмат көрсөтүүлөргө — 7,6 пайызга максималдуу өсүүсү катталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button