Дүйнө

Нурсултан Назарбаев жана анын үй-бүлөсү мамлекети тарабынан кандай корголуп келген?

Эки жумадан ашык убакыттан бери Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жөнүндө эч кандай маалымат жарыялана элек. Мындан улам Нурсултан Назарбаев жана анын үй-бүлөсү Казакстанда кандай артыкчылыктарга ээ экендигин карап көрдүк.

Казакстанда “Биринчи президент жөнүндө” мыйзам 2020-жылы кабыл алынган. Ал Эл башына жана анын үй-бүлөсүнө толук кол тийбестикке кепилдик берет. Назарбаев жана анын үй-бүлөсү кандай артыкчылыктарга ээ?

Биринчи президентти кармап, камап, тинтүүгө, суракка чакырып, камакка алууга болбойт;

Назарбаевге жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү бардык мүлктөр кол тийгис;

Эл башынын банк эсептерине кол тийбестик кепилдиги бар;

Назарбаев жана анын үй-бүлөсү өмүр бою кайтарууда;

Эл башынын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү түрдө мамлекет камсыздандырууга тийиш;

Ал пенсия алат (президенттин айлык маянасынын 80 пайызы). Аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине ай сайын жөлөк пул дайындалат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button