Окуялар

Жалал-Абадда 17 жаштагы кызды ала качкан жигит кармалды

Жалал-Абадда кыз ала качкан жигит тергөөгө камсыздалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-декабрь күнү саат 07:55 чамасында Жалал-Абад ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө «102» кызматына Ж.М. аттуу жаран телефон чалып, Жалал-Абад шаарынан 3-4 чакты балдар 19-20 жаштагы кызды ак түстөгү Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаага күч колдонуп салып, ала качып кетишкендигин билдирген.

«Аталган факты Жалал-Абад ШИИБинде маалыматтык каттоо журналына алынып алдын ала текшерүү башталган. Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө ала качылган кыздын аты-жөнү такталып, Базар-Коргон районунун тургуну 2004-жылы туулган Т.Р. экендиги аныкталган. Ал Жалал-Абад шаарынын жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткандыгы такталган.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө аны өзүнүн айылдашы 1994-жылы туулган С.М. өзүнүн шериктери менен ала качкандыгы аныкталып, тергөө кызматына камсыздалган. Жабырлануучу кыз өзүнүн ата-энесине өткөрүлүп берилген. Учурда шектүү менен бирге кызды ала качкан балдардын аты-жөнүн аныктоо боюнча ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button