11 журналисттин иши: Үчөө камактан чыкты, калгандары тергөө абагында калды
Кыргызстанда «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган 11 журналисттин үчөө камактан чыгып, калгандары дагы 2 айга тергөө абагына камакта калтырылды.
Камакта отургандардын бири журналист Сапарбек Акунбековдун бөгөт чарасы 7-мартта каралып, ал 13-майга чейин үй камагына чыгарылган.
Калгандарынын баш коргоо чарасы 12-мартта каралып, журналист Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен чыгарылган. 8 журналист — Азамат Ишенбеков, Махабат Тажибек кызы, Айке Бейшекеева, Тыныстан Асыпбек, Актилек Капаров, Жоодар Бузумов, Сайпидин Султаналиев жана Максат Тажибек уулу дагы 2 айга камакта калтырылды.
Эскерте кетсек, быйыл 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда жана азыр иштеп жаткан кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, андан кийин суракка алып кеткен. Ошол эле күнү 11 журналист 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Ал эми 17-январда Биринчи май райондук сот журналисттерди тергөө абагына 2 айга камоо тууралуу чечим чыгарган.



