Спорт
Кыргызстандык спортчулар ММА боюнча дүйнө чемпионатында эки коло утту

Кыргызстандык спортчулар Абу-Дабиде өткөн ММА боюнча дүйнө чемпионатында эки коло медаль тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн ММА федерациясынан кабарлашты.
Ага ылайык, спорттук иш-чара 22-январдан 29-январга чейин болуп, ага 60тан ашык мамлекеттин спортчулары катышкан. Кыргызстандан беш мушкер барганы маалым болду.
Мелдеште Бектур Асылбеков 83,9 килограмм салмак категориясында коло утса, Рамазан Рагимов колону 61,2 килограмм салмак категориясында алган.



