
3 мамлекет жакында Сиань шаарында өткөн саммитте Ланчжоу станциясынан Ташкентке 30 контейнерден турган поездди жөнөтүүнү макулдашкан.
Күн батареялары, механикалык жабдуу, кездеме жана башка жүк жүктөлгөн поезд Ташкентке 15 күндөн кийин жетет. Товар жалпысынан 2,5 млн доллар деп бааланууда.
Кыргызстандын аймагында жүк поездден автотранспортго жүктөлөт. Аткени Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун кыргыз бөлүгү курула элек.



