Саясат
Байсалов аны тартипке салууну талап кылган депутаттарга жооп кайтарды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңеште аны сындаган, тартипке салууну жана чара көрүүнү талап кылган депутаттарга жооп кайтарды.
Ал «Твиттердеги» баракчасына «Менин дарегиме сын айткан депутаттарыбыздын көбү жаңы Конституция менен жашап жатканыбызды түшүнө электей. Бир да мамлекетте, демократиясында да, коңшуларда да жума сайын жалпы жыйында чукул талкуу өткөрүлбөйт. Мен ошону айтайын дегем»,- деп жазды.
Мунун алдында, Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутат Нурлан Шакиев Байсаловдун парламент тууралуу айткандарын сынга алган. Аны тартипке чакыруу тууралуу өкмөт башчыга жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылган.



