Окуялар

УКМК: Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды, — деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

Тактап айтканда,Макаров тапанчасы (ПМ), Калашников автоматынын 5,45 жана 7,62 калибрдеги бир нече гильзалары жана Макаров тапанчасы 9 мм, Казакстан Республикасынын транспорт каражатынын мамлекеттик номуру, ошондой эле жардыргыч түзүлүштөрдү колго жасоо үчүн башка буюмдар жана заттар катылган жер табылды.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак жана ок-дарылар кылмыштуу элементтер тарабынан кылмыш жасоо үчүн даярдалып жаткан.

Табылган куралдардын келип чыгышы жана жашыруун сактоону уюштурган адамдар аныкталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button