Үйдүн ичинен уурдалган 100 миң сом. Кадамжайда уурулукка шектелип өспүрүмдөр кармалды

Кадамжай районунун 42 жаштагы тургуну Ы.А. 1-февраль күнү жергиликтүү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, үйүнө белгисиз адамдар кирип, шкафтын ичинде турган 100 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Бул арыз Кадамдай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрө баштаган.
Кадамжай районунун аймагында өткөн “Лидер” иш-чарасынын жүрүшүндө милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан 15 жаштагы жана 12 жаштагы жергиликтүү тургундар кармалып, тергөөгө алынып келинген.
Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат,- деп билдирди Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы.


