Жогорку Кеңеште Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүүнү кароо үчүн комиссия түзүлдү
Жогорку Кеңеште «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында Башкы прокуратура ушундай өтүнүч менен кайрылганы белгилүү болгон жана буга байланыштуу тармактык комитет чукул жыйынга чогулган.
Мыйзамга ылайык, башкы көзөмөлдөөчү органдан кайсы бир депутатты жоопко тартууга уруксат алуу тууралуу өтүнүч келип түшсө, Жогорку Кеңеш 48 сааттын ичинде жыйынга чогулуп, депутаттык комиссия түзүлөт.
Жыйында айрым депутаттар башкы прокурор Курманкул Зулушевдун келишин талап кылышты жана башкы көзөмөлдөөчү органдын өтүнүчүн сынга алышты.
Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары бир нече жолу сурак берген. Саясатчы 2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ошол кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.



