Коом

УКМК: Сириядагы согушка катышып, издөөдө жүргөндөр террористтик мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар үчүн кармалды — ВИДЕО

2023-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары 1994-жылы туулган М.у.Б. жана 1993-жылы туулган. А.у.Т. атайын террористтик даярдыктан өтүп, МТО тарабында Сириядагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн кармалышты.

Жогоруда аталган адамдар 2019-жылдан бери МТОнун эмиссарларынын жетекчилиги астында террористтик мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, анын ичинде чет мамлекеттин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Учурда жогоруда аталган адамдар КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Алардын мыйзамсыз аракеттерин документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан террористтик жана диний-экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button