Кара-Балтадагы «Азия Сталь» жана «Джунда» өндүрүшүн жакшыртат

Кара-Балта шаарындагы «Азия Сталь» жана «Джунда» ишканалары атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн азайтуу максатында өндүрүштү модернизациялоодо.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагыновдун маалыматына ылайык, «Азия Сталь» ишканасы жаңы чыпкаларга буюртма берген. Жабдуулар эл аралык аудиттин жыйынтыгы боюнча тандалган. Аларды ишке киргизүү жана жөндөө иштерин октябрдын аягына чейин баштоо пландалууда.
Ал эми «Джунда» мунайды кайра иштетүүчү заводу өндүрүштү толук реконструкциялоого киришти. Жумуштар мунай продуктуларын куюу участогун да камтыйт. Буга чейин жергиликтүү тургундар дал ушул участоктон чыккан зыяндуу заттарга көңүл бурушкан. Ишкана ишке киргизүү жана жөндөө иштерин 2027-жылдын апрель айына чейин аяктоону пландап жатат.
Эске салсак, Кара-Балтанын тургундары өнөр жай ишканаларынан чыккан зыяндуу заттарга байланыштуу бир нече жолу даттанышкан. Алардын айтымында, «Азия Сталь» ишканасы турак жай массивинен болжол менен 300 метр аралыкта жайгашкан. Ал эми «Джунда» заводу да үйлөргө жакын жайгашкан.
Тургундардын кайрылууларынан кийин адистер Кара-Балта шаарынын жана Новониколаевка айылынын бир нече жеринен абанын үлгүлөрүн алышкан. Экологиялык мониторинг департаментинин маалыматына ылайык, азот диоксидинин көрсөткүчтөрү негизинен жогору болгон.



