Коом

Өлкөдө сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүүдө

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп жатканын билдирди.

Вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулууларга, 65 жаштан жогоркуларга, кош бойлууларга, көп ооруган балдарга жана медицина кызматкерлерине сунушталат. Эмдөөнү үй-бүлөлүк медицина борборлорунан акысыз, ал эми Бишкектеги жеке клиникалардан 850 сомдон баштап алууга болот.

Ошондой эле бейтапканаларда КРВИ белгилери байкалган балдардын ата-энелерине аралыктан кеңеш берүү үчүн атайын колл-борборлор уюштурулду.

Тектеш кабарлар

Back to top button