Ботаникалык бактын администрациясына айып пул салынды

Бишкектеги Гареев атындагы Ботаникалык бактын администрациясына экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар министрликтин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган.
«Текшерүү учурунда тиричилик жана курулуш калдыктарынын белгиленбеген жерге төгүлгөнү аныкталды. Бул аймактын санитардык жана экологиялык абалына терс таасирин тийгизген», — деп айтылат маалыматта.
Аныкталган мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, Ботаникалык бактын администрациясына 17 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, аймакты талаптагыдай санитардык абалга келтирүү жана аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилгенин Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.



