Коом

Өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөө качан өтөрү айтылды

Өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөө 23-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин өкүлү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы 120га жакын тест борборлору уюштурулат.

«Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 23-майда башталып, 28-майга чейин жүрөт.

14-февралдан 6-апрелге чейин каттоо Билимди баалоо жана усулдук окутуу борборунун электрондук платформасында өтөт.

Ал эми мурдагы жылдын бүтүрүүчү шаардык жана райондук билим берүү борборлорунда каттоодон өтсө болот «, — деди мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button