Бишкектин вице-мэри Азат Узаков эки айга камалды

УКМК тарабынан кармалган Бишкектин вице-мэри Азат Узаков УКМКнын Тергөө абагына эки айга камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Тактап айткада, Азат Узаков үстүбүздөгү жылдын 18-апрелине чейин камакта болот.
Эске сала кетсек, аталган кызматка 2021-жылдын күз айларында дайындалган вице-мэр соцобъектилерди курууда акча уурдоого шектелип кармалган кармалган.
Бишкек шаарынын вице-мэри У.А.С,. (Узаков Азат Сапарбаевич) КР өкмөтүнүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөп турганда, жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схеманы уюштурган.
Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо У.А.С., мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жен учунан сүйлөшүп алып, «Г.П.С.» ЖЧКсынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону аныкталды.
Такталган боюнча, тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш нормалары бузулуп, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген.
Тактап айтканда мектептин иш жүзүндө, жер төлөөсү, ашкана, спорт залынын курулушу бүтпөй, имараттын фасады толук жабдылган эмес, айланасы жашылдандырылган эмес, коопсуздук системасы, электр менен камсыздоо иштери бүткөрүлгөн эмес.



