Коом

Кыргыз кызды сойкулукка мажбурлап, сабаган Түркиянын жараны 30 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Кыргызстандык аялды жандандыруу бөлүмүнө түшкөнгө чейин сабаган деп айыпталган Түркия жараны Мустафа Йылдыз 30 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу түркиялык Milliyet порталы жазып чыкты.

Йылдыз кыргызстандык аялды сойкулукка мажбурлап, капчыгын жана уюлдук телефонун тартып алгандан кийин сабап, жолдун жээгине ыргытып жиберген деп айыпталууда. Ал «адам өлтүрүүгө аракет кылган» деген айып менен камакка алынган.

Сот отурумду 10-майга жылдырды. «Кыз 2016-жылдын 15-ноябрында Кыргызстандан Анталияга досу аркылуу официант болуп иштегени келген. Жыйынтыгында ал ооруканага түшүп, жети операция: мээсине үч жолу жана төрт жолу пластикалык операция жасалган», — деп жазат түркиялык басылмалар. 

Эске салсак, 2016-жылы Түркиянын социалдык тармактарындагы топтордун биринде Анталиядан азиат түспөлүндөгү кыз табылганы тууралуу билдирүү жарыяланган. Анын жанында эч кандай документтери болгон эмес. Кыздын абалы өтө оор экени айтылган. Операция жасалган. Ал комага түшкөн. Кызды сабап салышкан. Кийинчерээк кыздын өздүгү такталган, анын 1994-жылы туулган кыргызстандык кыз экени аныкталган. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button