Коом

Кыргызстанда жарандар коронавируска каршы вакцинанын 2-дозасын ала башташты

Кыргызстанда акыркы бир күндө 1 миң 435 адам вакцина алса, алардын ичинен 108ине вакцинанын 2-дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, өлкө аймагында жалпы 12 миң 265 адам эмдөөдөн өттү.

Аймактар боюнча алганда:

— Бишкекте – 1 104 адам вакцина алды;
— Ош шаарында – 1 106;
— Чүй облусунда – 1 259;
— Ош облусунда – 4 120;
— Ысык-Көл облусунда – 938;
— Талас облусунда – 372;
— Нарын облусунда 562;
— Жалал-Абад облусунда – 2 259;
— Баткен облусунда – 545.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button