УКМК: 3 млн сомго чукул пара берип жаткан жеринен иши тергөөдө жүргөн эки бир тууган кармалды

Мурда КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара аркылуу Казакстан Республикасына жалпы салмагы 11,51 кг наркотикалык затты алып өтүүгө аракет кылып кармалган КР жараны А.М.А. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишине оң чечим чыгаруу үчүн КР УКМК кызматкерине 30 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаганы аныкталды.
2022-жылдын 19-февралында бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (Пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

2022-жылдын 5-мартында жүргүзүлгөн атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР МУКК кызматкерине 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан учурда А.М.А. жана анын бир тууганы А.Н.А. кармалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө,- деп айтылат УКМКнын Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.



