Коом
Бишкектеги «Мурас» турак жай комплексинде 1 104 үй-бүлө батирлүү болду

Бишкектеги «Мурас» турак жай комплексинде 1 104 үй-бүлөгө батирлердин ачкычы тапшырылды.
Маликов көчөсүндө жайгашкан турак жай комплекси 24 кабаттуу сегиз блоктон турат.
Мындан тышкары, Бегматов көчөсүндөгү 15 кабаттуу бир блоктон турган үйдүн батир ээлерине 105 батирдин ачкычы аралыктан тапшырылды.
Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча 83 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатат. 2026-жылдын аягына чейин 20 миң батирди пайдаланууга берүү пландалууда.



