Аймактардагы инвестициялык долбоорлор санариптик форматка өтүүдө

Аймактык жетекчилердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн квалификациясын жогорулатуу программасынын алкагында «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык системасы менен иштөө боюнча атайын окутуу өткөрүлдү.

Окутууну Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (МБА) жана «Түндүк» ААК менен биргеликте уюштурду.

Окутуунун максаты катышуучулардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, инвестициялык долбоорлорду коштоо процесстерин автоматташтыруу жана инвестициялык маалыматтарды улуттук санариптик экосистемага интеграциялоо.

Практикалык сабактардын жүрүшүндө Улуттук агенттиктин жана «Түндүк» ААКнын адистери «Инвестициялар» АМСтин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү механизмдерин, ошондой эле аймактардын инвестициялык сунуштары боюнча маалыматтарды киргизүү жана жаңылоо тартибин тааныштырышты.
Мындан тышкары, катышуучулар инвесторлордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө багытталган «бирдиктүү терезе» механизми аркылуу долбоорлорду коштоонун принциптери менен таанышышты.
Алынган билимдер жана практикалык көндүмдөр аймактык жетекчилерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө инвестициялык маалыматтар менен натыйжалуу иштөөгө жана жер-жерлерде инвестициялык демилгелерди коштоо иштерин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.



