Коом

«Эмне үчүн сизди эч ким текшербейт?». Сурабалдиева Рамиз Алиевди сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиевден эмне себептен анын орун басарлары кармалып жатканын, ал эми Алиев кызмат ордунда отурганын сурады. Бул тууралуу ал 14-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, Алиев кызматка келгенден кийин ижарага берилген муниципалдык объектилердин тизмеси, ижара акысынын өлчөмү жана шаардык бюджетке түшкөн кирешелер тууралуу маалыматтарга жетүү кыйындаган.

Буга жооп катары Алиев ижарага берилген объектилер тууралуу маалымат Бишкек мэриясынын сайтында күн сайын жарыяланып турарын айтты. Ал эми конкреттүү маалымат алуу үчүн муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылуу керектигин белгиледи.

Сурабалдиева вице-мэр депутаттарды жана Кыргызстандын жарандарына туура эмес маалымат берип жатканын айтып, муниципалдык мүлктүн ижара акысы эмне себептен кескин көтөрүлүп жатканын сурады.

«Сиздер кандайдыр бир купуялуулукка шылтап, депутаттарга да маалымат бербей жатасыздар. Карапайым тургундарда мындай маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойсузбу? Андай маалымат жок. Эмне үчүн алдап жатасыздар? Муниципалдык мүлктүн ижара акысы кандай негизде кескин жогорулатылууда? Иштеп жаткан ишканаларга, жумуш орундарга, жабылып калуу тобокелдигине жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына тийгизе турган таасири бааландыбы? Мэрия мунун баарына көңүл бурбай жатат. Силер бизнести өтө оор абалга кептегениңерди түшүнөсүңөрбү?» — деди депутат.

Ошондой эле ал шаар тургундарына карата орой мамиле жасалганы үчүн мэрия өкүлдөрү кечирим сурабаганын белгиледи.

Алиев өз кезегинде жыйындын түз эфирин укук коргоо органдары да көрүп, анын ишмердүүлүгүнө баа бериши мүмкүн экенин айтты. Эгер мыйзам бузуу фактылары аныкталса, мэрия жоопкерчилик алууга жана кеңири түшүндүрмө берүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле «Кудайберген» базарына байланыштуу маалыматтарды депутатка өзүнчө берүүгө даяр экенин кошумчалады.

«Эмне үчүн сизди эч ким текшербейт?»

Мындан кийин Сурабалдиева вице-мэрдин жеке мүнөздөгү билдирүүсүнө нааразычылыгын билдирип, анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар суроолорду узатты.

«Рамиз Гүлогланович, сиз өзүңүздү Ташиев деп ойлоп калдыңызбы? Эмне үчүн коомдук трибунадан жеке маселеге өтүп жатасыз? Өзүңүздү ким деп ойлоп жатасыз? Акыркы беш жылда Бишкекте көптөгөн мыйзам бузуулар болду. Шаардык бюджеттен таштанды челектери сатылып алынып, орнотулган. Бир жылдан кийин эле алар эч кимге кереги жок деп чечишкен. Эмне үчүн прокуратура буга көңүл бурбайт? Шаардык бюджетке жүздөгөн миллион сом зыян келтирилген жокпу?» — деди депутат.

Ал муниципалдык күркөлөргө байланыштуу чечимдер башаламан жана бир тараптуу кабыл алынып жатканын да белгиледи.

Сурабалдиева вице-мэрдин мүлкүнүн келип чыгышын текшерүү зарылдыгын айтып, анын ишкердик ишмердүүлүгүнө жана мүлкүнө байланыштуу суроолорду көтөрдү.

«Вице-мэрлер кармалып жатат, ал эми сиз гана отурасыз. Эмне үчүн сизди эч ким текшербейт? Капиталыңыздын келип чыгышы биринчи кезекте сизге тиешелүү болушу керек. Сиз укук коргоо органдарында көп жыл иштедиңиз. Ошол эле учурда супермаркеттерди ачып жатасыз. Укук коргоо органдары кайда карап жатат?» — деп суроо салды депутат.

Ал ошондой эле акыркы беш жылдагы муниципалдык чечимдердин кесепети бизнеске жана шаар бийлигине байланыштуу адамдарга тийиши мүмкүн экенин эскертти.

Спикер вице-мэрге эскертүү берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттын пикирине кошулуп, Рамиз Алиевге эскертүү жасады.

«Сиз Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын алдында отурган жоксуз», — деди төрага.

Тектеш кабарлар

Back to top button