Коом
Автоунаанын камакта же күрөөдө турганы тууралуу маалымкаттарды эми «Түндүк» аркылуу алууга болот

«Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу жарандар эми транспорт каражаттарынын бар экендиги, ошондой эле алардын камакта же күрөөдө турганы тууралуу маалымкаттарды онлайн ала алышат.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун маалыматына ылайык, буга чейин мындай маалымкаттарды алуу үчүн жарандар тиешелүү мекемелерге кайрылууга аргасыз болушкан. Эми документтерди аралыктан туруп эле алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Маалымкат алуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
- «Түндүк» мобилдик тиркемесин ачып, «Кызматтар» бөлүмүнөн «Авто» категориясын тандаңыз.
- «Транспорт каражаттарынын бар экендиги, камак жана күрөө тууралуу маалымкат» кызматын басыңыз.
- «Өтүнмө берүү» баскычын басыңыз.
- Керектүү маалымкаттын түрүн тандаңыз:
- «Транспорт каражаттарынын бар экендиги жөнүндө» — автоунаалардын бар экендиги тууралуу маалымат алуу үчүн;
- «Күрөө жана камак жөнүндө» — транспорт каражатынын күрөөдө же камакта турганы тууралуу маалымат алуу үчүн.
- Өзүңүзгө ыңгайлуу төлөм тиркемеси аркылуу кызмат акысын төлөңүз.
- Төлөм ийгиликтүү аяктагандан кийин «Маалымкатка өтүү» баскычын басыңыз.
Даяр электрондук документ мобилдик тиркемеде жеткиликтүү болот.
Жаңы кызмат мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана жарандардын документ алуу үчүн сарптаган убактысын кыскартууга багытталган.



