Араванда дүкѳндѳн 160 миң сомдук телефон уурдаган чет өлкөлүк жаран кармалды
2022-жылдын 4-мартында Араван райондук Ички иштер бѳлүмүнүн Кылмышкерлерди издѳѳ бѳлүмчѳсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгѳн ыкчам иш чаралардын натыйжасында эки жыл мурда ири ѳлчѳмдѳ уурулукка шектүү катары чет ѳлкѳлүк жаранды кармашты.
2020-жылдын 9-январынан 10-январына караган түнү Араван районунун Тѳбѳ-Коргон айылынын тургуну К.М. аттуу жаранга таандык үй-тиричилик дүкѳнүнѳ белгисиз адам мыйзамсыз жашыруун түрдѳ терезесин сындырып кирип анын ичинен ар биринин баасы жыйырма миң сом болгон таңгактарга салынган 8 даана жаңы уюлдук телефондорун уурдап окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.
Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында, 2022-жылдын 4-мартында бул кылмышка шектүү катары Ѳзбекстан Республикасынын жараны Анжиян облусунун жашоочусу 19 жаштагы Г.А. атуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 205-беренесинин 3-бѳл., 4-п каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулуп Араван райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып 15 күнгѳ камакка алынды.

Азыркы учурда арыз ээсине келтирилген 160 миң сомдук чыгымдын ордун толтуруу боюнча тергѳѳ амалдары жүрүп жатат, — деп билдирди Ош ОИИБдин Басма сѳз кызматы.



