Окуялар

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну мас абалында 3-кабаттан кулап кеткен

Кечээ, 12-мартта Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунун жашоочусу 3-кабаттан кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар окуя болгон жерге барып, 1962-жылы туулган Р.А.Р. аттуу жаран мас абалында турак үйдүн 3-кабатынан кулап, оң буту сынгандыгын аныкташкан.

Куткаруучулар жаракат алган жаранга алгачкы жардам көрсөтүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button