Коом

Мыйзамсыз унаалардын саны 70 миңге жетти, мигранттар легалдаштыруу мөөнөтүн узартууну суранышууда

Келерки жумада, 1-октябрда Орусиядан келген мигранттар орус номурлары бар унааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узартууну суранышууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Масабиров билдирди.

«Мамлекеттик органдар чет элдик номурлуу 16 миң мыйзамсыз унаа калганын билдиришсе, иш жүзүндө алардын саны 70 миңге жетет», — деди депутат.

Анын айтымында, чет элдик номурлуу унааларды легалдаштыруу боюнча 1-октябрга чейин унааларды техникалык кароодон өткөрүү керек.

«Мигранттар бул мөөнөттү узартууну суранышууда. Унааны текшерүү учурунда күзгүлөрдөгү кичине жаракаларды да оңдоону талап кылышат, ал эми чет өлкөдөн унааларды заказ кылуу эки ай күтүүнү талап кылат», — деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, эл аймактарда техникалык кароодон өтө турган аймактардын санын көбөйтүүнү суранууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button