Коом

Бишкектин кээ бир жеринде 22-мартта ичүүчү суу өчөт

Бишкектин кээ бир аймактарында 22-март күнү таза суу жок болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Саат 9:00дөн 15:00гө чейин 7-Апрель, Анкара, Октябрь, Менделеев көчөлөрү жана темир жол менен чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт.

Бул күнү «ХБО» суу кампсында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштери аткарылмакчы.

Мэрия шаардыктарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button