Коом
Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстандын ИДПсы 1,5 триллионго жетерин айтты

Экономиканы өнүктүрүүгө багытталган эл аралык конференцияда минкаб төрагасы башка дагы маселелерге токтолду:
Кумтөр дагы 20-30 жыл иштетилет.
Мамипотеканын алкагында жакында алгачкы 5 миң батир бериле баштайт.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу 5 жылдын ичинде салынат.
30 жылда мык да чыгарган эмеспиз. Эми өлкөдө автоунаа өндүргөн заводдор иштей баштады.
Май айында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу аяктайт. Станцияны мурда айтылгандай 9 жылда эмес, 6,5 жылда эле курса болоруна көз жетти.



