Окуялар

Зыян 4,1 млрд сомдон ашат. ИИМ мурдагы депутат Шайырбек Ташиевдин кармалган себебин ачыктады

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схема боюнча кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, тергөөдө нефти ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган.

«Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашат. Учурда тергөө иштери уланууда. Мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө Шайырбек Ташиев тарабынан өндүрүлүүгө тийиш», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button