«Шариятка туура келбейт». Муфтият блогер Айнура Сагынбаевага эскертүү берди

Блогер, косметолог Айнура Сагынбаевага ислам динин ачыр бурмалоодо. Бул тууралуу муфтияттын билдирүүсүндө айтылат.
Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалы блогерден шариятка туура келбеген сөздөрүн токтотууну талап кылып, тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болорун эскертет.
«Анын коомдун, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык баалуулугуна каршы билдирген ойлору таптакыр орунсуз. Сагынбаеванын ислам эрежелери жана нарк-насил нормаларына туура келбеген пикирлери көпчүлүктү тынчсыздантууда. Анткени кээ бир ойлору ыймандан ажыроого алып барат. Эгерде аталган жаран шарият негиздерине жана улуттук наркка сыйбаган субъективдүү ойлорун айтууну токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болобуз», — дейт муфтият.
Белгилей кетсек, Айнура Сагынбаева акыркы түз эфирлеринин биринде жаш жигиттерди никесиз жыныстык катнашка барууга чакырган. «Бул күнөө эмес», — деп айткан ал.



