Коом

Үйдүн ээсин ысык үтүк басып кыйнашкан. Бишкекте уурулукка шектүүлөр кармалышты. ФОТО

Бишкекте үйдүн ээсин ысык үтүк басып кыйнашкан. Каракчылыкка шектелгендер кармалышканын бүгүн, 4-апрелде Свердлов райондук милициясынан маалымдашты.

Бишкек шаарынын тургуну белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранып, милицияга кайрылган. Анын айтымында, 29-март күнү саат 11:00 чамасында үйүнө белгисиз адамдар кирип, анын кекиртегине учтуу предмет такап, кийин колун байлап, анан ысык үтүк басып кыйнашкан. Алар аялдын 27 миң сом акчасын, уюлдук телефонун жана зер буюмдарын уурдап кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган жана 1992-жылы туулган жарандар кармалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button