Коом
Сузакта окуучуларды сүзүп кеткен “Porter”дин айдоочу кармалды

Аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалар берилип, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Тергөө амалдарын жүргүзүүдө шектүү катары Сузак районунун тургуну 1976-ж.т. Ж.Б. суралып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.



