Коом
“Мени кечиргиле, издебегиле” деп кат калтырып, 15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан кыз үйүнө келди

Жалал-Абадда изделип жаткан Нодирабегим Абабакирова үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузактагы үйүнөн 23-март күнү таңкы саат 05:00 чамасында “Мени издебегиле, мени кечиргиле” деген мааниде кат калтырып чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Нодирабегим Абабакирова үйүнө кайтып келген. Ал Бишкек шаарында жүргөндүгүн айткан.



