Коом
Экономика министрлиги кадрлар резервине конкурс жарыялайт

Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик жарандык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. Бул тууралуу ведомство билдирет.
Талапкерлерге негизги талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
- 21 жаштан кем эмес болуу;
- Тиешелүү жогорку билимге ээ болуу;
- Белгиленген иш стажынын талаптарына жооп берүү.
Иш тажрыйбасы боюнча талаптар:
- Башкы кызмат орундарына: мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде 3 жыл же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жыл.
- Улук кызмат орундарына: мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде 1 жыл же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жыл.
- Экономика, техникалык жана физика-математикалык илимдер, юриспруденция, эл аралык мамилелер багыттары боюнча жогорку билим талап кылынат. Башкы кызмат орундарына мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытындагы билим да кабыл алынат.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2026-жылдын 30-сентябрынан 10-октябрына чейин.
Кантип катышууга болот?
Документтер «e-Kyzmat» мамлекеттик порталынын (kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө тапшырылат.
Кошумча маалымат: 620535 (кошумча 154, 155, 156).
Толук маалымат министрликтин расмий сайтында.



