Окуялар

Кемин районунда дүкөндөн кийим-кечек уурдаган шектүү аял кармалды

Кемин районунда уурулукка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-апрелинде Кемин РИИБине 1969-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 12:00 чамасында белгисиз аял анын дүкөнүнөн кийим- кечектерди уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын каттоо китебине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1969-жылы туулган К.Э. аттуу аял кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button