Коом

Калпты чындыкка айлантып жан баккан Роза Маманова

Интернеттин ѳнүгүшү менен социалдык тармактар да болуп кѳрбѳгѳндѳй ѳнүктү. Социалдык тармактарды кээ бирлер жаңылыктар менен таанышып туруу, дос күтүп баарлашуу, коомдогу болуп жаткан окуялар боюнча пикир алышуу, кѳз караштарын жазып туруу, саясатчылар ѳздѳрүн рекламалоо, атаандаштарын жаманатты кылып, каралоо максаттарында колдонушса, тилекке каршы, «блогермин, элдин үнүн бийликке жеткирем, элдин кѳйгѳйлѳрүн жазам» деген  шылтоо менен калпты чындыкка айлантып, ак адамды каралап, ал  үчүн акча алып, жанын багуу үчүн пайдаланган блогер сѳрѳйлѳр да кѳбѳйдү.

Акчасы тѳлѳнсѳ болду, тигил же бул адамды каралап, анын ар-намысына, аброюна шек келтирип, кѳѳ жаап, эл алдында мокочо кѳрсѳтүп салганга даяр. Бул жагынан алганда, социалдык тармактар кимдин кимдигин, алдамчы экендиктерин, койнундагы котур таштарын, арам максаттарын кѳрсѳтүп,  бетпардасын сыйрып, чыныгы жүздѳрүн ачыктоодо.

Алардын бири катары Роза Маманованы айтсак болот. Кыргызда «жүргѳн жерине чѳп чыкпайт» деген сѳз бар. Бул айтылганды Роза Мамановага карата айтсак куп жарашат. Акыркы учурларда анын жүргѳн жери ызы-чууга, ушак-айыңга айланчу болду. Анын ѳткѳкүнѳ кѳз жүгүртсѳң,  тирукмуш фактыларга анын шойкумдуу жосундарына, кылмыштуу иш-аракеттерине аргасыздан жакаңды кармайсың. Баткен облусундагы мыйзамсыз иштерди, коррупциялык  иштерди жазам, элдин кѳйгѳйлѳрүн кѳтѳрѳм деп келет. Бирок медалдын экинчи жагы да бар дегендей, акыркы учурларда Роза айымдын чыныгы жүзү ачылып бүттү. Блогермин  дегенди бетке кармаганы болбосо, ал акча үчүн кѳрүнгѳндү каралап, шантаж кылып, ишенимге кирип алып «кидать» этип, коркутуп, үркүтүп, жалгандарды чындай жазып, маалыматтарды бурмалап, элдин башын айландырган аял экендиги анык болуп калды. Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ далилденген кээ бир фактыларга эле токтолсок, Роза Маманова 2014-жылы  Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Садыкова Кулпунайдын 0,8 га жерине мамлекеттик акты алып берем деп, анын жерин башка адамга сатып жиберген. Садыкова Кулпунай ушул кезге чейин жерин да, же анын акчасын да ала албай жүрѳт.

2016-жылы Роза Маманова Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу Акмѳѳр Маматованын ишенимине кирип, тергѳѳдѳгү ишин оң жагына чечип берүүгѳ жардам берем деп, андан 50 миң сом алып, андан соң билгениңди кылып ал деп жолго салган.  Ал эми Ноокат районуну тургуну Бурканова Канаваттан «акчаңды ѳндүрүүгѳ жардам берем» деп 10 миң сомун алдоо жолу менен алып койгон. Роза Маманованын мындай алдамчылык иштерин айта берсе бир топко барат.

Аз күн мурда болсо  блогер, активист аял Алтынай Арстанбекова Роза Маманованын «силердин кѳйгѳйүңѳрдү социалдык тармакка жазам,  оң жагына чечилүүсүнѳ жардам берем» деп карапайым жарандардын  акчаларын  алып, алдап кеткенин жазып чыкты.

Р. Маманованын  табышмактуу себептерден улам кѳз жумган журналист Арзыгүл Галымбетованын ѳлүмүнѳ тийешеси бар экендиги да айтылды. Адам тагдырлары менен ойноо Роза Маманова үчүн оюнчук ойногондой эле нерсе окшойт.  Ал буга чейин  алдамчылык  иштери үчүн кылмыш жообуна да тартылып, иштери сотко чейин жеткени  маалым болду. Анан ѳткѳнү ушундай аял кайсы мыйзамдуулукту, кайсы чындыкты айтат? Карапайым элдин тагдырлары менен оюнчуктай ойногон адам кайсы бети менен блогер, элдик активист болуп жүрѳт?  Ѳкүнүчтүүсү, азыр ким катуу кыйкырып, ажылдап, беттен алса эл ошого ишенип,  чындык ошол тарапта болуп калгандай…

Социалдык тармактарда элдин үнүн түз жеткирип, факты, аргументтер менен коррупциялык кѳрүнүштѳрдү айтып, жазса, анда кеп башка. Андай блогерлердин коомго, элге пайдасы гана тиет. Бирок карандай калптарды, чындыктан алыс нерселерди жазып, каралап, ага элди, коомчулукту ишендирип, меркантилдик кызыкчылыгын кѳздѳгѳн блогер сѳрѳйлѳрдүн барынан жогу. Мыйзам эмнеге элдин башын айландырган Роза Мамановага  окшогондорго иштебейт? Эмнеге эл ага окшогондордун иш-аракеттеринен запкы жеши керек? Эмнеге жалган маалыматтарды тараткандары, элдин башын айландыргандары  үчүн эч кандай жоопкерчилиги каралбайт? УКМК, укук коргоо органдары социалдык тармактардагы Роза Маманова сыяктуулардын иш-аракеттерине мыйзамдык чараларды кѳрбѳсѳ болбой калды.

Самүдүн Жолдубаев

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button