Ысык-Көлдө алдамчылык фактысы боюнча мурда кылмыш жообуна тартылган жаран кайрадан элди алдап кетти

Каракол ШИИБге 25 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 2023-жылдын ноябрь айында «Нурбек» аттуу чала таанышы унаасын оңдотуп берем деп 50 миң сом, ошондой эле «Кумтөр» алтын кен комбинатында жумушка орношууга жардам берүү үчүн дагы 50 миң сом алып кеткендигин жана акча каражаттарын алгандан кийин убадасын аткарбай, изин жашырып кеткенин билдирген.
Көп өтпөй шаардык милицияга облус борборунун 24 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, өткөн жылдын сентябрь айында «Нурбек» аттуу жаран менен таанышканда, ал айдоочулук күбөлүккө категория алууга жардам берем деп убада кылган. Кызмат көрсөтүү үчүн акча сурап, 29 миң сом акча алгандан кийин качып кетип, ушул күнгө чейин байланышка чыккан эмес.
Аталган арыздар Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазык кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иштери козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иштеринин натыйжасында Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталган. Ал, Каракол шаарынын 37 жаштагы тургуну Ш.Н. болуп чыгып, шаардык милициянын тергөө кызматына алып келинген.
Шаардык сотунун чечими менен кылмышка шектүү жаранга карата тергөө жүргүзүү учурунда бир айга камака алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды.
Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы билдиргендей, алдамчылыкка шектелип кармалган Ш.Н., мурда, башкача айтканда 2020-2022-жылдар аралыгында ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн 16 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Козголгон бардык кылмыш иштери боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, соттун кароосуна жиберилген.
Бирок, мурда эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды алган шектүү Ш.Н., тиешелүү тыянак чыгарбастан, кайрадан кылмыш жолуна түшкөн.
Ошондой эле, милиция кызматкерлери шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбай жана анын алдамчылык аракеттеринен жапа чеккен жарандардан шаардык ички иштер бөлүмүнө, же болбосо 0551 102-177, 0776 777-017 телефондоруна кайрылууну суранышат.



