Коом

Бишкекте муниципалдык эки кызматка жаңы жетекчилер дайындалды

Бишкек мэри муниципалдык эки кызматка жаңы жетекчилерди дайындады. Бул туурасында анын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалдык «Тазалык» ишканасынын жетекчилигине Султан Алыбаев бекитилген. ЖМКлар анын УКМКда иштегендигин жазышты.

Буга чейинки башчыны ишкананын жамааты нааразы болуп иш таштагандан кийин кызматынан алышкан. «Тазалыкчылар» айлыктын кечиктирип берилгенинен жана директордун нааразы болгондугунан улам бир суткадан ашык убакыт жумушка чыкпай, таштандылар алынбай калган. Шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыров менен жолуккандан кийин гана алар кайрадан ишке чыккан.

Жеке турак жай курулушу боюнча департаментти эми Койчугул Ибраимов башкара турган болду. Ал буга чейин мэриянын Капиталдык курулуш боюнча башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп эмгектенген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button