Саясат
Садыр Жапаров: Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун

Президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасына акыркы кырдаалда болуп жаткан маалыматтар боюнча өз пикирин билдирип, чет жактан келгенде маек берээрин жазган.
«Иш сапардан келгенден кийин атайын маек берейинчи. Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесинерби туугандар?» — деп жазган Жапаров
Белгилей кетсек Президент Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Баку шаарына расмий сапар менен кеткен.



