Саясат

Садыр Жапаров 2026-жылга чейин мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүүгө тыюу салды

Президенттин 2024-2026-жылдарга карата токтому «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланган. 

Ага ылайык, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, президенттин жана министрлер кабинетинин карамагындагы маморгандардын жана уюмдардын, сот системасынын, атайын статтуска ээ мамлекеттик бийлик органдарынын, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараттынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын 2026-жылга чейин айлыктары жана штаттык саны көбөйтүлбөйт. 

Айрым категориядагы кызматкерлердин маянасы президенттин өзгөчө чечими менен көбөйтүлүшү ыктымал экени кошумчаланган.

Мындай чечим бюджетти натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынып жатканы белгиленди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button