Коом

Акылбек Жапаров жыйынга катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйындан соң Акылбек Жапаров дарылануусун ооруканадан улантарын билдирди. Дарыгерлер тобу анын ден соолугуна көз салып турушат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө инфаркт миокардды тастыкталган эмес, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелдеги Бишкектеги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууга келери күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button