Коом

Кыргызстан Кытайдын мамлекеттик компаниясы менен мунайзаттарын жеткирүү боюнча келишим түздү

Кыргызстандык компаниялар Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы (CNPC) менен Кыргызстанга мунайзаттарын жеткирүү боюнча келишимдерге жетишти. Тиешелүү макулдашуулар Үрүмчү шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында түзүлгөнүн Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районуна болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Сүйлөшүүлөргө мунайзат рыногунда иш алып барган Кыргызстандын ондон ашык компаниясынын жетекчилери катышты.

Тараптар CNPCнин курамына кирген «Куньлунь Логистик» компаниясы аркылуу Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү маселесин талкуулашты.Ташууларды жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Энергетика министрлиги жалпы ишти координациялайт. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бажы кызматы менен биргеликте мунайзат жүктөрүнүн чек арадан ыкчам өткөрүлүшүн камсыздайт. Ал эми Тышкы иштер министрлиги айдоочуларга виза алуу жол-жобосун жеңилдетүүгө көмөктөшөт.

Эрлист Акунбеков Борбор Азиядагы мунай рыногундагы кырдаалды эске алуу менен кыргызстандык компаниялар менен CNPCнин ортосунда түз келишимдерди түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

CNPCнин башкы директору Ло Ичжоу Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Ал жүктөрдү бажылык тариздөө иштерин өркүндөтүп, Кытай — Кыргызстан багытында үзгүлтүксүз энергетикалык логистикалык коридорду биргелешип түзүүгө даяр экенин айтты.

CNPC — Кытайдагы ири мамлекеттик мунай-газ корпорацияларынын бири. Компания мунай жана жаратылыш газын чалгындоо, өндүрүү жана кайра иштетүү, ошондой эле мунайзаттарын ташуу менен алектенет.

Эске салсак, Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдардын негизги бөлүгүн Орусиядан импорттойт. Орусиянын күйүүчү май рыногундагы үзгүлтүктөрдөн улам бийлик альтернативдүү жеткирүүчүлөрдү издей баштаган.

2026-жылдын июль айында президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине күйүүчү-майлоочу материалдардын туруктуу жеткирилишин камсыз кылууну жана тартыштыкка жол бербөөнү тапшырган. Сатып алуу баасы менен ички рыноктогу баанын айырмасын компенсациялоо үчүн өкмөт күйүүчү май импортун субсидиялоо механизмин киргизген. Ал механизм 25-майдан 30-сентябрга чейин иштейт.

Июль айынын ортосунда Кыргызстанга Кытайдан жана Беларустан мунайзаттарынын алгачкы партиялары келе баштаган. Бийлик Казакстан жана Өзбекстан менен да күйүүчү май жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

CNPC менен түзүлгөн келишимдер импорт булактарын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын бир гана жеткирүүчүгө болгон көз карандылыгын азайтууга өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button