Коом

Ченду-Бишкек-Ченду авиакаттамы ачылды

Быйылкы жылы жаңы ачылган каттамдардын катарына бүгүн Ченду-Бишкек-Ченду авиакаттамы кошулду. 

«Манас» эл аралык аэропортуна Чендудан багыт алган биринчи учак жүргүнчүлөрү менен келип конду.    

Аталган багыт боюнча каттамдарды Кытайлык Loong Air авиакомпаниясы аткарууда. Азыркы учурда аталган авиакомпания Бишкек-Сиань багыты боюнча каттамдарды да аткарууда.  

Бишкектен Ченду шаарына каттамдар үстүбүздөгү жылдын 12-декабрынан  2024-жылдын 30-мартына чейин жумасына шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button